Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 2-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жана Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38, Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36, Баткен облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 10…15 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден түнкүсүн 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG