Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Жарандык кеңеш: Сот тандоо кеңешинин төрагасы кайра шайлансын


Мындай пикирин бүгүн сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш айтып чыкты. Кеңештин мүчөсү, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын айтымында, Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков 2002-2005-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын судьясы болуп турган чакта бир топ мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. Абдирасулова бир кезде Базарбеков аттестациядан өтпөй калганын кошумчалады.

Укук коргоочулар буга чейин да Сотторду тандоо кеңеши ачык-айкын иштебей жатканын сынга алган.

Ал эми Базарбеков мындай дооматтарды четке кагып, мурдагы президент Аскар Акаев бийликте турган учурда саясий куугунтукка кабылганын “Азаттыкка” билдирди. Ал укук-коргоочулардын учурдагы аракеттерин атайын өзүнө каршы уюштурулган иш-чара деп белгилеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG