Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Президент болгусу келгендер 29га жетти


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Бүгүн БШКга Кыргызстан Жумушчулар партиясы деген саясий уюм өз лидери Замирбек Парманкуловду президенттикке талапкер катары көрсөткөн протоколун жөнөткөн. Президенттик шайлоо быйыл 30-октябрга белгиленген.

Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 16-августка чейин созулат. Азыркыга чейин президент болуу мүдөсү ачыкталган 29 талапкердин жетөөсүн саясий партиялар көрсөтсө, калган 22си өзүн өзү көрсөткөндөр.

Улам саны арбып бара жаткан талапкерлер иргелүүчү баскычтардын бири – мамлекеттик тилден сынак тапшыруу болот. БШК бүгүнкү жыйынында сынак алуучу комиссиянын курамын бекитти. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG