Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Бишкектеги эмендерди дарылоого 20 млн. сом керектелет


Бишкек шаарынын муниципалдык Жашылдандыруу ишканасынын башкы агроному Сергей Кравердин “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкекте 300-500 түп эмен багына курт түшкөн. Аларды дарылоого жалпысынан 12-20 миллион сом керек болууда. Сергей Кравер бактарды жакшы суугаруу менен курттардан арылтуу аракети көрүлүп жатканын кабарлады.

Улуттук илимдер академиясынын Токой чарба жана токойду коргоо иштери боюнча лабораториясынын адистери шаар тургундарынын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү, кымбат дары-дармектерди колдонуунун кажети жок экенин белгилешүүдө.

Буга чейин Бишкектеги бир катар бак-дарактуу жайларга күбө курту түшүп, жалбырактары мөөнөтүнөн мурда саргайып жатканы кабарланган. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкек мэриясын шаардагы эмен багын сактап калууга чакырып, бир нече ирет акция өткөргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG