Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

АКШ: Конгресс мунасага жетишти


Дефолтту кыйгап өтүү максатында мамлекеттик ички карыздардын лимитин 2,4 триллион долларга көтөрүүнү АКШ парламентинин өкүлдөр палатасы колдоп берди. Долбоор күчүнө кириши үчүн эми АКШ Сенаты жактырышы керек.

"Дефолт болбойт!"

Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү АКШнын карызы боюнча айыгышкан талкуулардан соң акыркы мүнөттөрдө дал ушул вариантка добуш беришти.

Жаңы планга ылайык, мамлекеттик карыздын чеги 2,4 триллион долларга жогорулады. Азыр анын чеги 14, 3 триллион доллар. Ал эми аткаруучу бийлик 10 жыл ичи ушул эле суммага бюджеттик чыгымдарын азайтат.

Габриэл Гиффордс
АКШ парламентинин өкүлдөр палатасында бул мунаса үчүн 268 конгрессмен добуш берип, 161 киши каршы чыкты. Долбоор жактырылыш үчүн 216 добуш керек эле.

Нааразы демократтар, нааразы республикачылар Конгресстин төмөнкү палатасындагы азчылыкты түзгөн демократтардын лидери Ненси Пеллози демократтарды добуш берүүгө көндүрө алды.

Бирок мындай кыскартуу демократтардын теңме-теңин канааттандырган жок. Ненси Пеллози добуш берүүгө аргасыз болуп жатканын билдирди:

- Биз жакшы жылыш жасап жатабыз деп айтыш кыйын, ошондой болсо да кырдаалдан чыгуучу жагдай түзүлүп жаткан үчүн мен добуш берем.

Гиффордс күтүүсүз кирип келди

Талкууну кызыткан дагы бир жагдай - добуш берүүгө аз калганда Конгресстин мүчөсү демократ Габриэл Гиффордс кирип келди. Ага январь айында кол салуу болуп, ал башына ок жеген эле. Анын келишин күтпөгөн кесиптештери Гиффордсту кол чабуулар менен тосуп алышты. Январь айынан бери Гиффордс жумушка биринчи жолу келди.

Эми Ак үйдүн мыйзам чыгаруучулар менен жетишкен мунасасы демократтар башкарган Сенатка барып, ал жактан өтсө күндүн аягына дейре президент Барак Обама кол коюшу керек.

Ак үй парламенттин мүчөлөрү менен жекшемби күнү эле бир мунасага келген эле, ошентсе да добуш берүүнүн өзү акыркы күн деп белгиленген 2-августтун алдында гана болуп өттү. Болбосо АКШ өкмөтүнүн өз эсептерин төлөй албай калуу тобокелчилиги бар эле. Мындай жагдай өз кезегинде глобалдык базарды жаңы башаламандыкка кептеши мүмкүн болчу.

Ал эми финансылык базарлар дүйшөмбү күнү эртең мененден баштап эле добуш берүүгө чейин эле жандана башташты. Нью-Йорк биржасы ачылган соң, Доу Жонс индекси 1 пайызга дароо жогорулады.

Макулдашууга ыйлайык, Сенат жана өкүлдөр палатасы өкмөт карызынын чегин 2,4 триллион долларга көтөрүп бериши керек эле, ал эми өкмөттүн чыгымдары ушул эле суммага кыскарыш керек.

Бюджет качан, кантип, канчага кыскарат?

Бюджетти кыскартуу 10 жылга созулат. Бул долбоор биротоло кабыл алынса, казына 917 миллиард долларга дароо бөксөрөт.

Кыскартуулардын экинчи толкуну 2011-жылдын аягында ишке ашып, өкмөт 2010-жылы президенттик шайлоодон кийин белин бекем буушу зарыл.
АКШ парламентинин өкүлдөр палатасында бул мунаса үчүн 268 конгрессмен добуш берип, 161 киши каршы чыкты.

Бирок кыскартуулар федералдык мамлекеттик кызматкерлерди, социалдык кам көрүү, саламаттыкты сактоо жана бир топ социалдык долбоорлорго тиешелүү эмес.

Бир нече аптадан бери Конгресстин төмөнкү палатасын көзөмөлдөгөн республикачылар жана Сенатта көпчүлүктү түзгөн демократтар карыз чегинин жогорулашы боюнча бир ойго келе албай жатышкан эле. Сүйлөшүү жараяны өтө бүдөмүк өттү. Байкоочулар Конгресстеги талкуулар көптөгөн америкалыктарды кыжырдантканын айтышат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG