Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

"Кызылдар" да кылмыш жасашат


Бүгүнкү күндө күч түзүмдөрүндө иштеп, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн соттолгондордун саны канча?

Түрмө сөзү менен айтканда, түрмөкечтер жалпысынан “каралар” жана “кызылдар” деп экиге бөлүнөт. Мурдатан эле орус кылмыш дүйнөсүндө кылмыштуу топторго тиешеси барлар "черные" же "каралар", күч түзүмдөрүндө иштегендер "красные" же "кызылдар" деп аталып келген. Ушул эле термин азыркы тапта кыргыз түрмөлөрүндө, криминалдык чөйрөдө, эл арасында кеңири колдонулат.

Түрмөлөрдө “кызылдар” менен “караларды” чогуу кармашпайт. Адатта күч түзүмдөрүндө жүрүп соттолуп кеткендерди беркилерден өзүнчө кармашат.

Кыргызстанда эң эле коррупциялашкан органдардын башында Ички иштер министрлиги, соттор, прокуратура органдары турары айтылып келет. Укук коргоочулар болсо, соңку жылдары күч түзүмдөрү менен криминал коюн-колтук алышып кеткенин айтып келатышат. Бирок түрмөлөрдө “кызылдардын” саны канча? Алар негизинен кандай кылмыштары үчүн темир торго түшүшөт?

Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүнкү күнү түрмөлөрдө “кызылдар” тобуна кирген 40 адам бар. Мурдатан эле негизинен бул сан сакталып келет. Кээ бир жылдары 30 болсо, кээде 50гө жеткен убактар болот.

Негизинен “кызылдар” темир тор аркасына “шалаакылык”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “пара алуу”, “күчтөп каражат өндүрүү”,- деген сыяктуу беренелер боюнча түшүшөт:

- Кырк киши үч тергөө абагында отурушат, кызылдар. Биринчи, үчүнчү жана бешинчи тергөө абагы. Анан эки коллонияда отурушат, 19-түрмө менен 47-түрмө. 47-түрмө бул бизде оорукана катары пайдаланылат.

Түрмөгө түшкөн кызылдардан 18 киши ооруган үчүн ошол жакка алып барылган. Дагы 8 киши 19-түрмөдө отурушат. Негизинен булар үчүн өзүнчө түрмө болушу керек. Демейде кызылдар тергөө абактарында эле калышат. Мисалы, өткөндө Нарын облусунда жумгалдык сот соттолбоду беле. Ошол киши дароо эле Нарындын тергөө абагында калтырылган. Көбүнчөсү эле ошентип тергөө абагына калышат.


“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, күч түзүмдөрүндөгүлөр бири-бирин оңой менен камап же соттоп жиберишпейт. Андыктан милиция, прокуратура, сот, аскер тутумдары кошулуп камалып кеткендери 40 болгону, кадырэсе көрүнүш:

- Балким эгерде прокуратура, сот системасы жакшы иштегенде, камактагы кызылдардын саны азыркыдан көп болуп калышы мүмкүн. Биз “кылмышкерлер дүйнөсү менен тартип коргоо кызматкерлери тамырлашып кетти” деген өкүнүчтөрүбүздү, кабатырлануубузду көптөн бери эле билдирип келатабыз го. Эми кечээ күнкү жашыруун курал сатты делген милициялар тууралуу фактынын канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин азырынча билбейбиз. Бирок эгер бул маалымат жалган болгондо, Ички иштер министрлиги “бул жалган, мындай болгон эмес” деп айтып чыкмак да. Азыр бир байкуш болсо тез эле камалып кетет. Ал эми күч түзүмдөрүндө кызматта болсо, мурун-кийин чогуу чай ичишип жүрүшөт да. Анан кантип бири-бирин алып барып камашмак эле?

Укук коргоочу А.Абдрасулованын айтымында, эң оболу жалпы эле кылмыштуулуктун азайышы үчүн бийликте саясий эрк жетишпейт.

Күч түзүмдөрүндө, айрыкча милиция, сот, прокуратура органдарында олуттуу реформаларды жасоо – кылмыштуулуктун азайышына алып келмекчи.

Ар кыл сурамжылоолордо өлкөдөгү эң эле коррупциялашкан мекеме катары Ички иштер министрлиги эң башта көрсөтүлүп келет.

XS
SM
MD
LG