Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

БУУ авиакомпанияларды Африкага тамак-аш жеткирүүгө чакырат


Африкадагы катаал кургакчылыктын айынан миллиондогон адамдар ачкачылыкка баткан аймактарга чукул тамак-аш жеткирүү көйгөй жаратууда.

Улуттар Уюмунун Балдар корунун маалымат катчысы Маришие Меркадо ЮНИСЕФ авиакомпанияларга кайрылып, тамак-аш каат аймактарга чукул жардам жеткирүүгө жардамга чакырды. “Британ аба жолдору”, “Люфтганза”, “Виржин Атлантик”, “UPS” компаниялары жумасына 15-50 тоннага чейин жүк ташуучу учактарды берүүнү сунуштады.

ЮНИСЕФ жакынкы апталарда Африкага тамак-аш жекирилбесе жарым миллонго чукул бала ачкадан мерт болоорун билдирет.

XS
SM
MD
LG