Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кырдаалды талкуулады


Жабык эшик артында бир нече саатка созулган жыйында Сириядагы режимдин оппозиция жактоочуларынын канын төгүүсүнө карата кандайча жооп берүүсү керектиги талкууланды. Бирок резолюция долбоору боюнча мунаса табылган жок.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин билдиргендей, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү өз өкмөттөрү менен кеңештерди өткөргөн соң, талкууну шаршембиде кайра улантмакчы.

Дипломаттардын айтымында, Коопсуздук кеңешнин мүчөлөрү арасында демонстранттарга күч колдонгону үчүн президент Башар Ассаддын режимин айыптоо маселеси резолюция жөн эле билдирүү же аткарууга милдеттүү документ болушу-болбошу керектиги боюнча пикир келишпестик бар.

Сирияда соңку күндөрү адам өлүмү менен коштолгон жаңы кыянатчылыктарга байланыштуу АКШ, Британия, Германия: Франция, Португалия БУУнун Коопсуздук кеңеши Дамасктагы режимди айыптаган резолюция кабыл алуусуна кайрадан аракеттенүүдө. Кеңеште вето салуу укугуна ээ Кытай менен Португалия буга анча көңүлдөнбөй келген. Бирок Орусия өкүлүнүн кечээги билдирүүсүнө караганда, Москва резолюция санкция киргизүүдөн жана башка кысымдардан оолак болсо, анда айыптоо сөздөрү жазылышын колдоого даяр.

XS
SM
MD
LG