Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 05:03

Америкалык аскерлердин Ирактагы мөөнөтү талкууланат


Ирак АКШ менен аскерлердин бул өлкөдө болуу мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин билдиргенине караганда, өлкөнүн саясий лидерлери өкмөткө АКШ менен бул тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүгө уруксат берди.

Эки өлкөнүн ортосунда 2008-жылы жетишилген макулдашуу боюнча АКШ аскерлери Иракта быйыл 31-декабрга чейин чыгып кетүүсү керек эле. Азыр ал жерде Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу үчүн 46 миңдей америкалык жоокер калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG