Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Ливиянын оппозициясы АКШдагы элчиликти кайра ачат


Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, америкалык тарап Ливиянын Вашингтондогу элчилиги кайрадан ачылуусуна мүмкүндүк берет. Элчилик Ливия оппозициясынын Улуттук өткөөл кеңешинин көзөмөлү астында иштей жана бул үчүн Ливиянын АКШда тоңдурулган активдеринен 13 миллион доллар ажыратылат.

Президент Барак Обаманын администрациясы Ливия оппозициясынын Бенгази шаарында жайгашкан Улуттук кеңешин өлкөнүн мыйзамдуу бийлиги катары өткөн айда тааныган. Ливиядагы оппозиция азыр өлкөнүн жарымын көзөмөлдөйт. Өлкө лидери Муаммар Каддафи дагы эле бийликтен кетүүдөн баш тартууда, жарандарды Каддафинин күчтөрүнөн коргоо үчүн НАТО БУУнун Коопсуздук кеңешинин колдоосу астында март айында абадан аскерий операция баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG