Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Чек ара кызматы: Жоокер киши колдуу болгон эмес


Түптөгү “Каркыра” чек ара бекетинде каза тапкан Эрлан Мамытов өз жанын өзү кыйган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси, полковник Мадылбек Ашыралиев билдирди.

Полковник Ашыралиев Эрлан Мамытовдун сөөгү 30-июлда жергиликтүү укук коргоочулар, маркумдун жакындарынын катышуусунда союлуп, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөнүн айтты. Экспертиза жыйынтыгы Мамытов өз жанын өзү кыйганын көрсөткөн. “Бул боюнча сүрөттөр бар, соттук медициналык эксперттердин айткандары диктафонго жазылган”, дейт Ашыралиев.

Бул окуя боюнча иликтөөнү Чек ара кызматынын полковниги Имамали Акимбеков алып барууда. (EK)

XS
SM
MD
LG