Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Сирия аскерлери Хама шаарын камалоону күчөттү


Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирүүдө. Алардын айтымында, шаар артиллериядан аткыланып жатат. Айрым кабарларга караганда, шаардын борбордук аянтын танктар ээлеп алган.

Сирия аскерлери бул шаарды камалоону жекшембиден тартта күчөттү. Анда ондогон жөн-жай тургундар мерт болгон. Беш ай мурда президент Башар Ассаддын режимине каршы демонстрациялар башталгандан бери, укук коргоочулардын айтымында, 1700дөй кишинин өмүрү кыйылды. Хама шаарындагы акыркы кыянатчылыктар эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосун жараткан.

БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн кайрадан Сирия боюнча жыйынга чогулганы жатат. Кеңеш кечээ резолюция долбоорун макулдаша албай койгон. Адам өлүмү менен коштолгон жаңы кыянатчылыктарга байланыштуу АКШ, Британия, Германия, Франция, Португалия БУУнун Коопсуздук кеңеши Дамасктагы режимди айыптаган резолюция кабыл алуусуна кайрадан аракеттенүүдө. Кеңеште вето салуу укугуна ээ Кытай менен Португалия буга анча көңүлдөнбөй келген. Бирок Орусия өкүлүнүн кечээги билдирүүсүнө караганда, Москва резолюция санкция киргизүүдөн жана башка кысымдардан оолак болсо, анда айыптоо сөздөрү жазылышын колдоого даяр.

XS
SM
MD
LG