Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Сотторду тандоо нааразылык акция менен коштолду


Сотторду тандоо кеңеши 3-августта Конституциялык палатага талапкер сотторду тандады. Кеңештин адилеттигинен күмөн санаган жарандык коом өкүлдөрү акцияга чыкты.

“Достук” мейманканасында ишин жүргүзүп жаткан Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн таң эртелей жарандык коомдун өкүлдөрү нааразылык акциясы менен тосуп алды.

Муңдуу музыканын коштоосундагы иш-чараны “Сот реформасына аза күтүү” деп аташкан. Муну менен алар аталган кеңешке ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирип жатышканын айтышты.
Кудай буйруса, жакшы соттук курам келди деп ойлоп жатабыз. Укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, дегеле бардык адамдар добуш берүүгө ыраазы болушту.

Сот түзүмдөрүн көзөмөлдөө боюнча кеңештин мүчөсү Рита Карасартова тандоо иштери шашылыш жүрүп жатат деп нааразы.

- Биз "Жогорку Соттун судьяларын эмне мынча шашып шайлап жатасыңар? Азырынча бош турган орунга беш кишини шайлап койгула. Татыктуу адамдар келиши үчүн кийин кайра тандоо жүргүзгүлө" десек, "жок, бизге Жогорку Кеңеш тез тандагыла деген" деп айтышууда. Демек булардын иши ачык-айкын эмес. Мурда соттор президентке көз каранды болсо, эми 120 депутатка байланып калды. Ошондуктан көз карандысыз сот системасынан күмөн санап жатабыз.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова шектүү деп эсептеген жагдайларды атады:

- Булар регламентти "Сотторду тандоо кеңешини жөнүндөгү" мыйзамга каршы жазган. Экинчиден, Сотторду тандоо кеңешинин ичинде отурган судьялар өз талапкерлигин коюшууда. Үчүнчүдөн, түшкөн даттанууларды ачык-айкын карабай жатат.

Калпыс соттордун тагдыры

Нааразылык акциясына улай Сотторду тандоо кеңеши журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Бирок бул иш-чара укук коргоочулар жана кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышуулар менен коштолду.

Бишкек шаарынын тургуну Кытайбек Раманов мурда-кийин калпыстык кетирген сотторго байланыштуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбековдун ою кандай экендигине кызыкты.

- Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө карабастан туура эмес чечим кабыл алган судьялардын орду түрмөбү же Жогорку Сотпу?

Базарбеков Сотторду тандоо кеңешинен өткөн талапкерлердин баары эле сот болуп калат деп айтууга болбостугун белгиледи.

- Мен дагы бир жолу айтам, сиздин айткан сын-пикирлериңиз сотторду тандоо учурунда эске алынат. Аны мен жалгыз чечпейм, 24 киши чечет. Талапкерлер Сотторду тандоо кеңешинен гана эмес, президенттин да кароосунан өтөт. Андан кийин Жогорку Кеңешке барат. Ал жерде канча адам бар экенин өзүңөр билесиңер. Алардан өтөбү же жокпу белгисиз, ал жакта да каршы материалдар бар.

Ошондой эле 3-августта Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага талапкер болгон сотторго добуш берди. Конституциялык палатадагы 11 орун үчүн жалпысынан 30 адам арыз берип, алардын ичинен добуш берүүгө чейин 24 талапкер калган.

Бирок байкоочулар Жогорку Соттогу судьялык орунга талапкер болгондорго добуш берүү кыйла татаал өтөрүн божомолдошууда. Аларга 4-августта добуш берилет. Жогорку Соттогу 35 орун үчүн 114 талапкер арыз берген болчу.

Тандалган талапкерлердин тизмеси он күн президенттин кароосунда болот. Андан соң Жогорку Кеңештин 15-августтагы кезексиз жыйынында бекитилмекчи.

XS
SM
MD
LG