Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Хосни Мубарак өзүнө тагылган айыптарды четке какты


Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак өзүнө тагылган айыптарды четке какты. 83 жаштагы Мубарак коррупциячы болгон жана февраль төңкөрүшүндө элди өлтүрүүгө жашыруун тапшырма берген деп айыпталууда. Мубарак катуу сыркоо экени айтылууда, аны кечээ башталган Каирдеги сот отурумуна атайын көтөрмө керебет менен алып келишти. Египетти 30 жыл башкарган президентке коюлган айып далилденсе ага өлүм жазасы чектелет.
Мубарактын көз боемочу деп айыпталып жаткан эки уулу Гамал менен Алаа да коюлган айыпты төгүндөштү. Мубарак менен кошо ИИМ баштаган алты офицер айыпталууда. Египеттеги февраль козголоңунжа 850 киши өлгөн. Сот отуруму эми 15-августта уланат.

XS
SM
MD
LG