Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Жаштар министри сотто көрсөтмө берди


Апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сотто жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов 2010-жылы 7-апрелде бийлик элге ок атарын алдын ала билгенин айтты. Ал көрсөтмө берип жатып, ошол күнү Өкмөт үйүнүн алдына келген элдин колунда курал болбогонун, эч кимден эч кандай курал көрбөгөнүн билдирди.

Алиясбек Алымкулов 7-апрелде оор жарадар болгон. 2010-жылы 7-апрелде элди аткан, атууга буйрук берген деген айып 28 кишиге тагылган. Алардын башында мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган бир катар жогорку мамлекеттик кызматкерлер өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу сырттан соттолууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG