Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Жогорку Сот судьялыгына талапкерлер иргелет


Иш алып баруу ыкмасы сот түзүмдөрүнө көзөмөл жүргүзүү боюнча жарандык кеңештин нааразылыгын жараткан Сотторду тандоо кеңеши талапкерлерди бүгүнкү жыйынында добуш берүү аркылуу иргемекчи. Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлиги тандалгандардын тизмеси Президентке берилет. Президент өз кезегинде аларды Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылат. Жогорку Соттогу 35 орун үчүн 114 талапкер арыз берген.

Мунун алдында кечээ Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттогу Конституциялык палатанын мүчөлүгүнө 24 адамдын ичинен 11 талапкерди тандады. Бирок сот түзүмдөрүнө көзөмөл жүргүзүү боюнча жарандык кеңештин айрым өкүлдөрү Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү кайсыл талапкерге кандай добуш бергени ачыкталбаганына нааразылык билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG