Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Пиротехника сакталган кампада жарылууга апкелген өрт өчүрүлдү


Өрттү өчүрүү иштери Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 карата аяктады. Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин Бишкек шаардык бөлүм башчысынын орун басары Эркин Меймановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, өрт чалган аянттын көлөмү 500 чарчы метрди түзгөн. Жарылуулардын үнү өрттү өчүрүү учурунда да угулуп турду. Жеке менчик ишкана ижарага алган кампа борбордун “Дордой” базары тараптагы Келечек жаңы конушуна жакын, мурдагы Аламүдүн автобазасынын короосунда жайгашкан. Бишкектин тез жардам кызматынан билдиришкендей, өрттөн жабыр тарткандар болгон эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG