Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

БШК айрым талапкерлерге каттала электе эле эскертүү жасады


Бул маалыматты “Азаттыкка” БШКнын үгүт иштерин тейлеген мүчөсү Нурмамат Ашымов ырастады. Анын айтымында, расмий эскертүү шайлоонун үгүт эрежелерин бузуп жатканы үчүн айрым талапкерлер менен катар массалык маалымат каражаттарына да берилген. Бирок БШК мүчөсү эскертүү алгандар кимдер экендигин ачыктаган жок:

- Эскертүү берилгенден кийин мен алардын аттарын айтпай эле койоюн. Бирок алар биз берген эскертүүнү туура кабыл алышты. Кээ бирлери (талапкерлердин) мен президент болуп калсам мындай иштерди жасайт элем деп үгүткө окшогон, биздин нормага туура келбеген сөздөрдү айтканы үчүн эскертүү бердик.

Мыйзамга ылайык, 30-октябрга белгиленген азыркы шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө 26-сентябрдан башталып, 29-октябрда токтошу керек. (UE)

XS
SM
MD
LG