Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Сирияда оппозициялык партияларга уруксат берилди


Сириянын мамлекеттик САНА агенттигине ылайык, президент Башар ал-Ассад бүгүн оппозициячыл саясий партияларга уруксат берген жардыкка кол койду. Агенттиктин кабарлашынча, жаңы мыйзам өлкөдө Ассаддын Баас партиясынан башка да саясий партияларга уруксат берет. 1963-жылдан бери бийликтеги Баас партиясына Сириянын Баш мыйзамында "мамлекеттин жана коомдун лидери" деген макам берилген.

Сириянын көчөлөрүндө феврал айынан бери дээрлик күндө өтүп жаткан демонстрацияларда саясий плюрализм башкы талаптардын бири болуп келатат. Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кечээ президент Башар ал-Асаддын бийлигин карапайым жарандарга күч колдонуп, адам укуктарынын кеңири бузуп жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG