Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Өзбекстан газдын баасын көтөрдү


"Акипресс" агенттигинин отун-энергетика боюнча мамлекеттик департаментине таянып тараткан маалыматына ылайык, Өзбекстан көгүлтүр отундун миң кубометрине 34,4$ кошкон. Кымбаттоого өзбек газынын баасы ар бир квартал сайын европалык формулага ылайык эсептелиши негиз берген. Буга жараша 3-квартал үчүн Кыргызстан көгүлтүр оттун миң кубметрине 278,39$ төлөйт, бул өз кезегинде "Кыргызгаз" ишканасына 96,7 млн. сом чыгаша алып келет. "Анткени керектөөчүлөр үчүн газдын баасы өзгөрбөйт" деп билдирет отун-энергетика департаменти. Буга чейин Кыргызстан Өзбекстанга көгүлтүр отундун миң кубметри үчүн 243,98$ төлөп келген.

Ушул тапта кыргызстандык керектөөчүлөр газ үчүн 14,5 сомдун айланасында төлөшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG