Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Самолиде 29 миңден ашык бала өлдү


Акыркы үч айда Самолиде ачкадан өлгөн беш жашка чейинки балдардын саны 29 миңден ашты. Бул тууралуу АКШнын илдеттерди алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматында айтылат. Буга чейин 60 жылдан бери биринчи жолу болуп жаткан кургакчылыктын кесепетинен чыккан ачкачылыктан өлгөндөрдүн саны 10 миңдеген кишилер өлгөндүгү кабарланган.
Ал-Каида менен байланышы бар согушкерлердин бул аймактардагы аракеттеринен улам ачкачылыкта калгандарга гуманитардык жардам көрсөтүү оор болуп жаткандыгы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG