Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Таиланд: Йинглук Чиноват - биринчи аял премьер-министр


Парламент мурдагы премьер-министр Таксин Чиноваттын карындашы, 44 жаштагы Йинглук Чиноватты өкмөт башчылыкка бекитти.

Таксин Чиноват 2006-жылкы аскерий төңкөрүштө бийликтен кулап, учурда чет өлкөдө жашайт.

Соңку жылдары Таиландда Чиноваттын таламын талашкан кызыл көйнөкчөндөр менен аларга каршы сары көйнөкчөндөрдүн тирешүүсү күчөп, массалык кагылышуулар болгон.

Башында бир тууган Чиноваттар турган "Пхаи Тхаи" (Таиланд үчүн) партиясы өткөн айдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Йинглук Чинаваттын премьер-министрликке келишин эми тайлардын падышасы Пумипон Адулядет жактырышы керек.

XS
SM
MD
LG