Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Сирия: жума намаздан кийин ири демонстрациялар өттү


Жума күнү намаздан кийин бир катар шаарларда он миңдеген кишилер көчөгө чыгып, президент Башар ал-Асаддын бийликтен кетүүсүн талап кылды.

Өлкөнүн ордо калаасы Дамаскта коопсуздук күчтөрү демонстранттарга каршы ок атып, көздөн жаш чыгарган газды пайдаланды. Кеминде төрт киши мерт болгону кабарланды.

Сириянын бир катар шаарларында полиция мечиттерди курчоого алып, намазга келгендердин демонстранттарга кошулуусуна бөгөт койду.

Өтүп бараткан аптада Хама шаарында өкмөткө каршы чыккандарды басуу үчүн кеңири аскерий операциялар жүрдү. Сирия өкмөтүнүн мындай аракетин эл аралык коомчулук айыптоодо.

XS
SM
MD
LG