Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

7-августта айрым жерлерде ысык 39 градуска чейин жетет


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 7-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37, Баткен облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32, Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 14…19 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG