Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бишкекте запкы жеген балдар борбору ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Балдар укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, бул борбордо зомбулуктун ар кыл түрүнө кабылган өспүрүмдөргө юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлмөкчү:

“Борбор Бишкектеги 14-мектептин базасында болот. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Эки айдан кийин ачылып калат”,-деди Турдубекова.

Бул долбоор Бишкек шаардык мэриясы, ЮНИСЕФ жана “Балдар укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун демилгеси менен ишке ашууда.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ар бир үч өспүрүмдүн бирөөсү ар кандай запкы жеп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG