Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Сирияда активисттер дагы кишилер өлгөндүгүн билдирүүдө


Сирияда укук коргоочулар өкмөт аскерлери аз дегенде 22 кишинин канына забын болгонун кабарлашты. Алар кечээ күнкү он миңдеген киши катышкан демонстрацияда аскерлер куралсыз демонстранттарга ок ачып, көздөн жаш чыгарган газ колдонгонун айтышууда.

АКШ, Франция, Германиянын лидерлери Сириядагы демонстранттарга каршы зомбулукту токтотуу максатындагы аракеттерди күч алдырууга сөз беришкен. Соңку күндөрү коопсуздук күчтөрү өкмөткө каршы чыгууларга каршы көбүрөөк күч колдонуп жатышат. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сириянын президенти Башар ал-Ассадды эки миңден ашык кишинин өлүмү үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG