Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Сомалиде исламчылар чегинип жатканын моюнуна алышты


Сомалинин башкы исламчыл козголоңчул тобу Могадишонун айрым оодандарынан куралчандарын алып кетип жаткандыгын маалымдады. "Аш-Шабаб" радикал козголоң тобу Могадишодо африкалык тынчтык аскерлери жана Сомалинин өкмөттүк аскерлери менен көп жылдан бери согушуп келатат.

Топтун маалымат катчысы Шейх Али Мохамуд Раге бүгүн "ал-Шабабдын" өздүк радиосунан шаардын бир бөлүгүнөн өткөн түнү чегинишкенин, бирок башка шаарларда кала берип жаткандыгын билдирди.

"Ал-Каида" террорчул тобу менен алакасы бар деп саналган "Аш-Шабаб" тобу Сомалинин кургакчылыктын оор запкысын тартып жаткан түштүк аймактарынын көбүн көзөмөлдөйт. Бул топ менен согуштарда он миңдеген киши курман болду.

XS
SM
MD
LG