Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

Сирияда шайлоо ушул жылдын этегинде болот


Сириянын тышкы иштер министри жыл аягына чейин өлкөдө жаңы парламенттик эркин шайлоо болоорун билдирди. “Сирия эркин жана таза шайлоо өткөрүп, Сириянын эли тилеген парламент жаралат” деди Валид Муаллем кечээ Мадаскиде чет элдик элчилер менен жолугушууда.

Соңку кездери Сирияда демонстранттарга күч колдонуунун көбөйүшүнө байланыштуу, эл аралык коомчулукта наразылык күч алды. Президент Башар ал-Ассад шейшембиде оппозицияга партия түзүүгө уруксат берген жардык кабыл алган, бирок оппозиция бул жардыкты көбүнесе кабылдаган жок.

XS
SM
MD
LG