Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Баткендин Апкан айылында суу маселеси чечилди


Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Баткендеги Апкан айылына Өзбекстан тарап суу бере баштады. Апкандыктар жол тосууну токтотушту:

“Маселелер чечилди. Кечээ Өзбекстандын Сох районунун жана Кыргызстандын Баткен районунун акимдери өз ара жолугушуп, маселе чечилди. Элде нааразылык жок. Учурда кырдаал тынч”, - деди Эратов.

Губернатордун орун басары билдиргендей, эки тараптын Баткен аймагындагы чек ара бекеттерин ачуу боюнча сүйлөшүүлөрү орозо айы бүткөндөн кийин улана турган болду.

1-августта Өзбекстан тарап Баткен аймагындагы “Дивайрам” чек ара бекетин жаап салган. Натыйжада Баткендеги Сох анклавына чектеш жайгашкан Апкан жана Бөжөй айылдарынын тургундарынын ары-бери катташы кыйындаган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар Өзбекстанга тиешелүү Сох анклавына кете турган чоң жолду тосуп алышкан. Ага жооп кылып Өзбекстан тараптагы жашоочулар аталган айылга келчү сууну буушкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG