Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Сокулукта буудай аянтын өрт чалды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлагандай, кечээ түштөн кийин Сокулук районунун Военно-Антоновка айылына караштуу 100 гектар чабылган буудай талаасы жана 15 гектар чабыла элек буудай күйүп кетти. Өз убагында жасалган аракеттер менен 180 гектар чабыла элек буудай талаасы сакталды. Өрт кечки саат бештер чамасында өчүрүлдү.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. Азыр материалдык чыгымдар такталууда. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG