Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Азиянын баалуу кагаздар базары төмөндөө менен ачылды


Негизги индекстердин төмөндөөсү бүгүн эртең мененки соодада Жапония, Түштүк Корея, Австралия, Жаңы Зеландия, Сингапур, Тайвандын баалуу кагаздар базарында орун алды.

Акциялар Кытайда да арзандап, бул көрсөткүч 4,78 пайызга чейин жетти. Мунун алдында кечээ Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн баалуу кагаздар базары дем алыштан кийинки алгачкы иш күнүндө төмөндөгөн.

Дүйнөнүн балуу кагаздар базарында акциялардын нарксызданышы Standart and Poors агенттиги Кошмо Штаттардын кредиттик рейтингин ылдыйлаткан соң орун алууда. Аналитиктердин болжолунда, биржалардагы олку-солкулуктар алдыдагы апталарда да уланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG