Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Сауд Аравия Сириядагы элчисин чакыртып алды


Муну менен Сауд Аравия Сирияда өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга карата айоосуз күч колдонулушуна макул эместигин көрсөтүүдө. Падыша Абдалла сыналгыдан окулган билдирүүсүндө Сириядагы окуяларды “кабыл алынгыс” деп атады. Сауд Аравиянын элчисин чакыртып алуу чечиминен бир нече саат алдыда Араб лигасы Сириядагы репрессияларды алгачкы ирет айыптаган.

Укук коргоочу активисттердин айтымында, кечээ өкмөттүн танктары оппозициянын колундагы аймактарга киргенде бери дегенде 59 адамдын өмүрү кыйылды. Кабарларга караганда, 200дөй танк Сириянын чыгышындагы Дейр эл-Зоур жана борбордук бөлүгүндөгү Хомс шаарларына киргизилген. Өкмөттүк күчтөр ошондой эле мурдараак жарандык каршылык көрсөтүүнүн очогу болгон Хама шаарын курчоону да күчөттү.

Бул аралыкта Сирия президенти Башар Ассад оппозиция демонстранттарына каршы күч колдонуу улантыларын белгилеп, аларды “кылмышкерлер” деп атады.

Эки шаарда өткөрүлгөн кечээги рейддерди "өкмөттүн жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун коргоо аракети" катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG