Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

БУУнун баш катчысы Жапонияда жүрөт


Пан Ги Мун быйыл жаздагы жер титирөөдөн жана топон суудан бузулган АЭСтин тегерегинен көчүрүлгөндөр менен жолугушуу үчүн Фукусима шаарына барды. Ал 11-марттагы зилзала менен цунамиден жабыр тарткан АЭСке жакын барган чет өлкөлүк жогорку даражалуу расмий адамдардын алгачкыларынын бири.

Пан Ги Мун бүгүн Жапониянын премьер-министри Наото Кан менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Быйыл сентябрда Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясында өзөктүк жайлардагы коопсуздук маселесине арналган саммит өтөрү белгиленген.

БУУнун баш катчысы Жапониядагы сапары учурунда өзөктүк энергия өндүрүү жаатында эл аралык стандарттарды күчөтүү чакырыгын дагы бир ирет жасары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG