Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Кыргызстандын Италиядагы элчиси дайындалды


Президент Роза Отунбаеванын жардыгы менен Гүлнара Искакова Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Гүлнара Искакова бул жаңы кызматы менен буга чейинки кызматтарын айкалыштырып, Кыргызстандын Швейцария конфедерациясындагы жана Лихтенштейн княздыгындагы элчиси, Бириккен Улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү катары да иштей берет. (KKs)

XS
SM
MD
LG