Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Таиландда Кыргызстан Азия чемпиону болду


Таиландда грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар үчтөн алтын, күмүш жана коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти Арзыбек Кожошев билдирди.

Маалыматка ылайык, алтын медалды Рашит Абыканов (85 кг), Тимур Надыров (58 кг), Рустам Телишов (54 кг) жеңип алышты.

Таиланддагы Азия биринчилигине Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Сирия, Иран, Кытай, Корея өңдүү Азиянын 15 өлкөсүнөн келген балбандар катышты. Мелдештер 4-августта башталып, 7-августтун түнү аяктады. (KKs)

XS
SM
MD
LG