Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Отунбаева сөз эркиндиги боюнча казак сыйлыгын алды


Президент Роза Отунбаевага Казакстандын Журналисттер бирикмесинин “Басма сөзгө көрсөткөн колдоосу жана журналисттер менен мамиле түзө билүүсү үчүн” аттуу сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Сыйлыкты тапшыруу үчүн Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияга Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сеитказы Мотаев келди.

Казакстандын Журналисттер бирикмесинин бул сыйлыгына жыл сайын сөз эркиндигин колдогон белгилүү саясатчылардын талапкерлиги көрсөтүлүп турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG