Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Президенттикке талапкерлердин тил сынагы түз ободо көрсөтүлөт


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, президенттикке талапкерлердин кыргыз тили боюнча сынагы мамлекеттик сыналгы аркылуу түз ободо көрсөтүлөт. Мындай жобо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы мыйзамга киргизилген.

Сынакты 12 кишиден турган атайын комиссия өткөрөт. Аны кайсы мамлекеттик телеканал түз алып көрсөтөөрү азырынча тактала элек.

Мыйзам боюнча мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калган талапкер шайлоого катыша албайт. (KKs)

XS
SM
MD
LG