Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Жогорку Соттун судьялары Сотторду тандоо кеңешине нааразы


Жогорку Соттун учурда иштеп жаткан судьялары Сотторду тандоо кеңешине нааразы болуп, билдирүү таркатышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, азыр иштеп жаткан судьялар Сотторду тандоо кеңеши кайсы бир тараптын көрсөтмөсүн аткарып жатканын, Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын тандоодо алешемдиктер кеткенин билдиришүүдө. Мындан улам судьялар кеңештин айланасындагы соңку жагдайды президент жана Жогорку Кеңеш эске алса деген ниеттерин жар салууда.

24 адамдан турган Сотторду тандоо кеңешинин курамы 8-июлдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында бекиген. Кеңешке кирген адамдар ачык-айкын, адилет иштеп жатканын белгилеп келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG