Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Кувейт жана Бахрейн Сириядан өз элчилерин чакырып алды


Бүгүн Кувейт жана Бахрейн Сириядагы өз элчилерин “бул өлкөдөгү кан төгүүлөрдүн ыңгайсыздыгынан кеңешүү үчүн” деп чакыртып алды. Кечээ Сауд Аравия Сириядагы ок атууларды “кабыл алынгыс” деп өз элчисин чакыртып алган.

Сириялык укук коргоочулардын маалыматына ылайык, кечээ кечинде оппозиция тарапкерлерине каршы аскердик операцияларда бери дегенде 42 киши набыт болгон. Мындан тышкары башка шаарларда да 20дай киши мерт кеткен. Өткөн аптада баш-аягы болуп Сирияда каза тапкандардын саны 300дөн ашкан.

XS
SM
MD
LG