Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Сирияга араб дүйнөсү тынчсызданууда


Сауд Аравия, Кувейт, Бахрейн Дамаскидеги элчилерин чакыртып алышты. Муну менен алар Башар Ассад бийлигинин демонстранттарга каршы зомбулук аракеттерине макул эместигин билдиришти.

Сауд Аравия падышасы Абдулла демократиячыл күчтөргө каршы Дамаскинин кандуу аракеттерин сынга алды. Жазуу жүзүндө таратылган билдирүүдө падыша Сирия бийлигин өкүмзордукту токтотууга чакырган. Анын билдирүүсүн жергиликтүү ал-Аравия телеберүүсү аркылуу кабарчы окуду:

- Сирия бийлигинде ыкчам жана ар тараптуу реформа жасоо жөндөмү бар. Сириянын келечеги эки айрылыш жолдо турат: же даанышмандык жасашы керек, же башаламандык менен жоготуулардын түпкүрүнө кетет.

Падыша Абдулла ошондой эле кеч болуп кала электе Сирия убада түрүндөгү эмес, иш жүзүндөгү реформаларга барышы керек деп эсептейт. Бул Сауд Аравиясы Сирияга айткан эң катуу сын болду.

Башар Ассад
Кувейттин тышкы иштер министри шейх Махаммад ал-Салам ал-Сабах президент Ассаддын аракеттерин жол берилбес жорук деп баалап, Сириядагы кырдаалды Перси булуңундагы өлкө башчылары талкуулаганы жатканын кошумчалады.

Каирдеги ал-Аскар университетинин ректору, шейх Ахмед ал-Аскар ал-Тайыбдын айтымында, Сирияда кырдаал тереңдеп кетти. Тайыб "узак убакыт бою ал-Аскар Сирияда кырдаалдын опурталдуулугун эске алып, унчукпай келди, бирок азыр араб жана ислам кайгысына чекит коюудан башка чечим жок" деди.

Араб өлкөлөрүнүн билдирүүлөрү Ассаддын күчтөрү 7-августта суннилердин Дейр-ал-Зор шаарына киргенден кийин чыкты. Демонстранттарды басуу үчүн жасалган бул чабуулда 40тан ашык киши мерт болгону кабарланды.

Дейр-ал-Зордо 41 жылдан берки Ассаддардын үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы эң ири демонстрациялар өтүп жатканы айтылып келатат.

Дем алуу күндөрү ушундай эле билдирүүлөрдү 22 өлкөнү бириктирген Араб Лигасы жана Перси булуңундагы өлкөлөрдүн Бириккен Кеңеши да жасашкан. Иорданиянын тышкы иштер министри Нассир Жуданын ишениминде, расмий Дамаск зомбулугу кооптондуруп турат.

Сириянын башкы өнөктөшү саналган Түркия да Ассад режимин сынга алды. Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган Ассад режимине Түркиянын чыдамы түгөнүп бүткөнүн, 9-августта маселени кабыргасынан коюу үчүн тышкы иштер министрин Дамаскиге жиберип жатканын билдирди.

Укук коргоочулар өткөн апта ичинде эле Башар Ассаддын аскерлери 300дөн кем эмес кишини жок кылганын айтып жатышат.

Сирия учурда Тунистегидей, Египеттегидей саясий кризисти башынан өткөрүүдө. Башар Асад баштаган бийлик оппозициянын демонстрацияларын зомбулук жолу аркылуу басуу аракетин жасоодо. Бул аралыкта Германия өкмөтү аскерий аракеттер токтотулбаса Сирия бийлиги легитимдүүлүгүн жоготушу мүмкүн деп болжоду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG