Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

АКШ Ооганстандагы миссиясын улантат


Президент Барак Обама бул тууралуу америкалык отуз аскердин өлүмүнөн кийин айтты. Талиптер ракета менен атканы болжолдонуп жаткан тик учак кыйраганда каза тапкан 30 жоокердин көпчүлүгү быйыл майда Пакистанда “ал-Кайида” лидери Усама бин Ладен жок кылынган операцияга катышкан элиталык бөлүктүн жоокерлери болгон.

СН-47 Chinook тик учагы кыйраганда америкалык отуз аскерден тышкары Ооганстандын жети жоокери жана бир котормочу да каза тапкан. Кечээ Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда президент Барак Обама АКШ аскерлери Ооганстанды кубаттуу өкмөткө өткөрүп берүү, өлкө террорчулар башпаанектөөчү жайга айланбасын кепилдөө багытында оор миссияны аткарууну улантарына ишеним билдирди жана миссия ийгиликке жетишерин убада кылды.

XS
SM
MD
LG