Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Президент болгусу келгендердин саны 41ге жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, 8-августтун кечине карата президенттикке талапкер болгусу келгендердин саны 41ге жетти. Алардын тогузун саясий партиялар сунуш кылса, 32си өзүн-өзү көрсөткөңдөр. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 15-августта аяктайт.

Парламенттеги беш партиянын ичинен азырынча өз талапкерлерин "Ата Журт" менен "Ата Мекен" партиялары сунуш кылган. Социал-демократтар менен "Ар-намыс" партияларынын президенттикке талапкерлерин аныктоочу курултайлары ушул аптанын аягына белгиленген.

Президенттик шайлоо ушул жылдын 30-октябрында өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG