Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Ливияда козголоңчулардын аткаруу комитетинин мүчөлөрү кызматтан бошотулду


Мындай чечимди ливиялык козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешинин башчысы Мустафа Абдел Жалил кабыл алган. Улуттук өткөөл кеңештин аткаруу комитети козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактарда өкмөттүн милдетин аткарат. Кеңештин өкүлү аткаруу комитет мүчөлөрүнүн толугу менен отставкага кетирилишин жакында Бенгазиде козголоңчулардын аскерий кол башчысы Абдел Фаттах Юнистин белгисиз жагдайда мерт болушу менен байланыштырды. Ливиялык козголоңчулардын лидерлери бул үчүн жоопкерчиликти Муаммар Каддафинин жактоочуларына жүктөөдө. Бирок бир катар маалыматтарга караганда, Юнис Бенгазидеги бир нече топтун бийлик талашынын курмандыгы болуп калуусу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG