Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстан террорчу жана экстремисттердин тизмесин түздү


Кыргызстандын Финансылык чалгындоо кызматы террорчу жана экстремист делген адамдардын тизмесин түзүп чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз катчысы Бердибай Саматов билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тизме улуттук жана эл аралык деген эки бөлүмдөн турат. Улуттук тизмеге 51 террорчу, 178 экстремист, 8 террорчул жана 1 экстремисттик уюм кирди. Ал эми эл аралык делген тизмеге 401 террорчу жана экстремист, 46 террорчул жана 104 экстремисттик уюм киргизилди.

“Бул тизме террорчулукту каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзамга ылайык түзүлдү. Мындан тышкары өкмөттүн токтому бар. Бул токтомго ылайык, тизмени бир жылдан бери биздин адистер иштеп чыкты”, - деди Бердибай Саматов.

Басма сөз кызматы билдиргендей, бул тизме жашыруун болгондуктан андагы маалыматтар тизмеге кирген адамдардын ишин көзөмөлдөгөн мекемелерге гана берилет. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG