Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Иран соту кыргыз жаранын 10 жылга кескен


Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, Иранда тыңчылык кылган деп кармалган Улмаз Маматханов 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул маалыматты акыйкатчыга Ирандагы сот органдары билдирген.

Маалыматка ылайык, кыргыз жаранынын үстүнөн эки соттук иш болгон. Биринчи инстанция Маматкановду актаса, экинчи инстанция айыпталуучуну соттук отурумга катыштырбастан 10 жылга эркинен ажыраткан. Азырынча бул соттор качан өткөнү белгисиз бойдон калууда.

Маматханов 2009-жылы май айында Мешхед шаарындагы аэропортто Бишкекке келаткан учактан кармалган. Ал Ирандан уюлдук телефондун бөлүктөрүн алып келип турган. (KKs)

XS
SM
MD
LG