Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Акжарлыктар акциясын токтотушту


Бишкек четиндеги Ак-Жар конушунун тургундары нааразылык акциясын токтотушту. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, алар Бишкек мэринин убадаларына макул болушту.

Конуш тургундары менен жолуккан Бишкек мэри Иса Өмүркулов Ак-Жар Бишкектин көзөмөлүнө өтөөрүн, кийинки аптадан тарта жарык, суу маселелери чечиле баштарын билдирди.

Бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев Ак-Жардагы маселени убагында чечпегени үчүн Бишкек мэри менен Чүй облусунун губернаторуна сөгүш жарыялаган.

Акжарлыктар мындан бир канча ай мурда да наарызылыкка чыгышкан. Кечээ Бишкек четиндеги жолду тосуп, өкмөт башчынын келишин талап кылышкан. Бул акция бүгүн да уланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG