Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Алтындын баасы өсүүдө, “Кумтөрдү” чоттойбуз


"Кумтөр" алтын кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясында Кыргызстандын 33 пайыз үлүшү бар. Соңку кездери дүйнөлүк рынокто алтындын наркы өсүүдө. Анын экономикага таасири тийип жатабы?

2011-жылдын жети айында өлкөнүн Ички дүң продуктусу 6,5 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнө караганда, бул аралыкта "Кумтөрдөгү" алтын өндүрүшү 15,2 пайызга жогорулады.

Адистердин баамында, өлкөнүн башкы алтын кениндеги өндүрүштүн жогорулоосу дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын өсүшүнө да байланыштуу. Анткени “Центерра Голд” компаниясы алтындын баасы жогору болуп турган чакта көбүрөөк алтын өндүрүп, көбүрөөк пайда көрүүнү көздөйт. Кечээ эле алтындын бир унцийи 1700 доллардан ашып түштү.

Алтындын наркы барган сайын өсүп бараткан маалда Кыргызстандын кирешеси артып жатабы? Мамлекет “Центеррадагы” 33 пайыз акциясын кандай колдонуп жатат? Бул маселе боюнча адистер түрдүүчө пикирлерин билдиришүүдө.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кумтөр" тууралуу китеп жазып, учурда бул боюнча докторлугун жактап аткан адис Кубанычбек Исабеков “Азаттыкка” билдиргендей, Акаевдин убагында эле уюшкан топтор бул кендин пайдасын көрчү. Мамлекетке аз гана пайда түшчү.

Бүгүн деле "Кумтөрдө" ошол эле схема иштеп, мамлекетке түшкөн киреше дале аз. Мурдагы депутаттын айтымында, мамлекет ири алтын кендеги 33 пайыз акциясына тыңыраак ээ боло албай келатат:

- Өкмөт башчысынын буйругу менен “Центеррадагы” кеңештин эки мүчөсү шайланбадыбы. Дагы бирөө “Центерранын” президентинин орун басары болсун деп атышпайбы. Ал өкмөт башчы койгон кишилер “эмне үчүн былтыр 4,5 миллион доллар эле түштү? Мынча акция, мынча баада алтын сатылып атса? Кимиңер жеп койдуңар? Кана кыргыздыкы?” дешпейби. Андай дейин дешсе "Центеррадан" айлык алып атышпайбы. Кээ бир маалымат каражатары жазып чыгышты, “айлыктары 20 миң доллар экен” деп. Алар биздин кызыкчылыкка чуркашарына ишенбей турам.

Ошондой эле К.Исабековдун айтымында, Акаев маалында Бирштейн түзүп кеткен схема жакшы иштеп, бүгүн да натыйжасын берүүдө. Маселен, “Центерра Голд” компаниясы Монголиядагы Бороо алтын кенин иштетип, андан 43 тонна алтын алган. Үлүшкө жараша анын 33 пайызы Кыргыз Республикасына таандык болмок. Бирок ал боюнча маалымат болбогондуктан ал алтын кайда экени белгисиз.

Андан тышкары “Центерра” иштетип келген АКШнын Невадасындагы алтын кендин 38 пайыз акциясы сатылып кеткен жана ага өкмөттөн ким кол койгону, акчасы кайда кеткени белгисиз болууда. Өкмөттөгү тиешелүү министрликтер азырынча буга жооп берише элек.

Өлкөнүн “Центеррадагы” 33 пайыз үлүшү 77 миллион 401 миң 400 акцияга барабар. Адистер бул акциялардын 20 миллионун эле саткан чакта казынага 350-400 миллион доллар түшмөктүгүн айтышууда.

Өкмөттө деле буга чейин "Кумтөр" алтын кениндеги акцияларды туура пайдалануу жаатында сөздөр жүрүп келатат. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев бул маселени чечүү үчүн акцияларды сатуу же аларды күрөөгө коюу жактарын кароону да айтканы бар.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы, геология жаатындагы адис Орозбек Дүйшеевдин айтымында, алтындын баасы өсүп турган чакта коркпой туруп мамлекет өз колундагы акцияларын иштетүүсү керек. Келген акчаларды жөн гана керектөөгө салбай, өнөр-жай ишканаларын жандандырган оң:
Өкмөт башчы койгон кишилер “эмне үчүн былтыр 4,5 миллион доллар эле түштү? Мынча акция, мынча баада алтын сатылып атса? Кимиңер жеп койдуңар? Кана кыргыздыкы?” дешпейби.

- Баягыда "Кумтөрдүн" жолун тоскондо билесиздерби, акциябыздын баасы 13 долларга түшүп кеткен. Азыр бүгүнкү күндө 19 долларга чыгып калды. Демек бир акциябыз 20 долларга чыкса, анда эсептеп көрүңүздөр 77 миллион акция канча акча болот... Ошондой 2 миллиард долларга жакын акчабыз бар болот экен. Бирок бул жакта биздин өкмөттөгүлөр чечкиндүү боло албай атат. Бул акцияларды банктарга салып, күрөөгө койсо да болот.

Келишимге ылайык, “Центерра Голд” өндүргөн алтынды Кара-Балтадагы заводдо даярдап, андан ары “Кыргызалтын” мамлекеттик ишкана сатат. Бирок К.Исабеков сыяктуу адистер бул ишкана да таза иштебей аткандыгын айтууда. Ошентип орточо эсеп менен өлкөнүн Ички дүң продуктусунун 10 пайыздан ашыгыраагын түзгөн "Кумтөр" кенин эффективдүү иштетүү – казынага азыркыдан алда канча көп киреше алып келмектиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG