Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Токтонасыров Беларус оппозициясын колдоп чыгат


“7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдиргендей, ал Беларус президенти Александр Лукашенкого нааразылыгын билдирип чыккан беларус жарандарын колдоп, акция өткөрөт. Бул акция “Узакка созулган кол чабуу” деп аталып, эртең күндүзгү саат 11ден 1ге чейин Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында уюштурулат. Анда акцияга катышкандар эки саат бою кол чаап турушмакчы.

“Бул акция менен Белаорус президенти Александр Лукашенконун бийлигине каршы экенимди көрсөтүп, мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиевди өткөрүп беришин талап кылам”,-деди Өндүрүш Токтонасыров.

“7-апрель” кыймылы Бакиевди өткөрүп берүү талабы менен буга чейин бир нече ирээт нааразылык акциясын өткөрүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG