Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Физиевдин өлүмү боюнча жакындары маалымат беришет


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы 29-30-июль күндөрү ири өлчөмдөгү курал-жарак саткан топтун мүчөсү деп шектелген Ферузбек Физиевди кармоо маалында куралчан каршылык көрсөтүп, үйдүн үстүнөн секирип түшкөн учурда алган жаракаттан ооруканада көз жумганын кабарлаган. Кийин анын туугандары Физиев УКМКнын имаратында суракка алып барылган жерде каза тапканын белгилешип, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы прокуратура бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзө баштаганын маалымдаган.

Бүгүн боло турган маалымат жыйынында Ферузбек Физиевдин жакындары, укук коргоочулар анын өлүмүнүн себебин көрсөткөн фактылар тууралуу маалымат беришмекчи. (ZKo)

XS
SM
MD
LG