Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

АКШ лидери Ооганстанда набыт болгон жоокерлерди эскерди


Ооганстанда тик учак атып түшүрүлгөндө каза тапкан отуз жоокердин сөөгү АКШга алынып келинди. Президент Барак Обама аскер-аба күчтөрүнүн Делавэр штатынын аймагындагы Довер базасындагы эскерүү жөрөлгөсүнө катышты.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, президент набыт болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугуп, аларга көңүл айтты. АКШнын аскерий жетекчилиги окуянын маалымат каражаттарында чагылдырылышына тыюу салган.

Расмий өкүлдөрдүн түшүндүрмөсүнө караганда, америкалык жана ооганстандык жоокерлердин таанылгыс болуп калган сөөктөрү контейнерге бирге салынган. Эми аларды аныктоо талап кылынат. Курман болгон 30 америкалык аскердин 20сы атайын бөлүктүн жоокерлери болгон.

Тик учак кыйраганда алардан тышкары Ооганстандын атайын күчтөрүнүн жети жоокери, бир котормочу да каза тапкан. Chinook үлүгүсүндөгү тик учак ушул ишемби күнү Вардак провинциясынын аймагында талиптер тарабынан гранатомет менен атылган. Бул АКШ күчтөрү үчүн Ооганстанда дээрлик он жылга аяк басып калган согушта бир күндөгү эң ири жоготуу болду.

XS
SM
MD
LG